• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Муунтуп өлтүргөн. Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

6 Аяк оона 2021 9:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрь күнү эртең менен милицияга Көк-Жар конушундагы үйлөрдүн биринде өлтүрүлгөн аял кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ыкчам тергөө тобу барган. Милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн аныкташкан. Ал 1972-жылы туулган М.З. экени белгилүү болду.

Аталган факт Жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен КЖБРга катталган.

«Октябрь РИИБдин №4 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1991-жылы туулган И.Э.ни кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сурак учурунда шектүү окуя болгон күнү мас болгонун, маркум менен уруша кетип, аны катуу буюм менен муунтуп салганын билдирген»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 264