• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду

28 Жалган куран 202514:22 Бишкек Govori.TV

Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгиленгендей, биринчи жер титирөөдөн болжол менен 12 мүнөттөн кийин аймакта күчү 6,4 баллга жеткен силкинүү болгон.

Жер титирөөнүн очогу Сагайн шаарынан 16 чакырым түндүк-батышта, Мандалай шаарына (Мьянманын экинчи чоң шаары) жакын жерде жайгашкан.

Жер титирөө Таиланддын борбору Бангкокто жана Кытайдын Мьянма менен чектешкен Юньнань провинциясында да сезили айтылды.

Количество просмотров: 228