• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Мьянмада жер титирөөдө каза болгондордун саны 1600дөн ашты

30 Жалган куран 202510:29 Бишкек Govori.TV

Мьянмада 28-мартта күчү 7,7 жана 6,4 баллга жеткен катуу жер титирөөдө мерт болгондордун саны 1600дөн ашты. Би-Би-Си өлкөнүн бийлигине шилтеме кылып дагы 3,5 миңге чукул адам жараат алганын кабарлады.

Учурда дагы ондогон кишинин дайыны чыкпай жатат, куткаруу, издөө иштеринин жүрүшүндө набыт болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн.

АКШдагы геологиялык кызматтын (USGS) маалыматына караганда, жума күнү катуурак болгон биринчи жер титирөө 10 чакырым тереңдикте Мьянманын борбордук бөлүгүндө болжол менен саат 12:50дө катталган. Экинчи жолу 12 мүнөттөн кийин кайталанган. Анын очогу Сикайн шаарынан түндүк-батыш тарабы экени айтылган.

Таиланддын борбору Бангкокто да кыйроолор катталды. Эпицентрден 1400 чакырым алыс турган бул шаарда да зилзала катуу сезилген. Таиланддын бийлиги өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Количество просмотров: 143