• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Мьянманын аскердик бийлиги Аун Сан Су Чжиге жаңы айып такты

1 Бештин айы 2021 12:40 Бишкек Govori.TV

Мьянманын аскердик бийлиги оппозиция лидери, Нобель сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжиге жемкорлукка байланыштуу жаңы айып такты.

Маалыматка караганда, айыптоо тик учакты ижарага берүүгө байланыштуу. Су Чжи бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

2021-жылдын март айында 76 жаштагы Су Чжиндин иши боюнча сот башталгандан бери ага онго жакын айып тагылды. Ал алгач «өлкөгө мыйзамсыз түрдө рация алып кирген жана колдонгон, табигый кырсык маалында мыйзам бузган» деп айыпталса, кийинчерээк ага COVID-19 эпидемиясы маалында «шайлоо өткөрүп, санитардык эрежелерди бузган жана эпидемиологиялык коркунуч жараткан» деген айып коюлган. Су Чжи бул айыптоолордун баарын четке кагып келет.

Жаңы тагылган айып боюнча Мьянманын аскердик өкмөтү да, Су Чжинин адвокаты да Reuters агенттигине комментарий берүүдөн баш тарткан.

Быйыл 1-февралда Мьянманын армиясы шайлоо жолу менен түзүлгөн өкмөттү кулатып, өлкөнүн де-факто лидери Аун Сан Су Чжини жана анын башка партиялаштарын камакка алган. Натыйжада дээрлик он жылга чукулдаган жарандык бийлик жоюлуп, өлкөнү башкаруу кайра армиянын колуна өткөн.

Количество просмотров: 59