• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Мыйзам бузган той кортежи айыпка жыгылды

27 Тогуздун айы 2022 17:05 Бишкек Govori.TV

Бишкекте мыйзам бузган той кортежинин унааларынын айдоочуларына айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бир нече күн мурда жарандар кайгуул кызматынын соцтармактагы баракчасына жол эрежесин одоно бузган той кортежинин унаалары боюнча видео жөнөтүп, аларга карата чара көрүүнү өтүнүшкөн.

«Кайгуул кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүп, жол эрежелерин бузган той кортежинин алты унаасын тапкан. Алардын жасалма номер, атайын үн коштоочу каражаттар менен жүргөндүгү, автоээнбаштык жасагандыгы жана айнегин мыйзамсыз караңгылаткандыгы үчүн 74 миң сом айып салды»,-деп айтылат маалыматта.

Унаалар айып короосуна токтотулган.

Количество просмотров: 218