• Жекшемби 4 Бештин айы 2022
  • Воскресенье 4 Декабрь 2022

Мыйзамдагы ууру атыккан Камчы Көлбаев кармалды

18 ноября 2022 в 15:13 Бишкек Govori.TV

Мыйзамдагы ууру атыккан Камчы Көлбаев (Асанбек) кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 16-ноябрында КР УКМК Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында кыргыз-кытай чек арасына жакын жердеги (Жети-Өгүз району) “Булат-М” мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда “Карасай” чек ара пунктунан «мыйзамдагы ууру» деп аталган К. Асанбек жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык К.Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 «Сайга» карабини жана 4 даана «ПМ» жана «Глок» үлгүсүндөгү тапанча) табылып алынган.

Ошентип, К.Асанбектин жана анын жакын санаалаштарынын иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 429-беренесин (Мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу) боюнча кылмыш белгилери көрүнгөн. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 3014

Бишкектеги 4 райондун атын өзгөртүү сунушуна макулсузбу?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда