• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мыйзамсыз курулуштар алынууда (сүрөт)

24 Баш оона 202210:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштар алынып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын прокуратурасынын сунушу менен Чүй проспектисинин боюндагы №146 үйдүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Киев көчөсүнөн кире бериштен «Бета Сторес» соода борборунун администрациясы тарабынан орнотулган тосмолор демонтаждалды.

«Түшүндүрүү иштеринен кийин Ак-Өргө конушунун Өмүракунов көчөсүн бойлой 4 даана 40 тонналык контейнерден турган тиешелүү документтери жок 2 кабаттуу объект өз ыктыяры менен демонтаждалган»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 12-кичирайондун Токомбаев көчөсүндөгү уруксаты жок темир тосмолорду демонтаждоо иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 283