• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте мыйзамсыз курулуштар бузулду

29 Кулжа 2021 9:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте мыйзамсыз курулган курулуштар бузулду. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иштеринен кийин Юнусалиев көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринин жарнамалык түзүмү өз ыктыяры менен жок кылынган. Ошондой эле ал жерде уруксаты жок кафенин чатыры демонтаждалган.

«Матросов көчөсүндөгү жеңил тосмону алып салдык, ээсинин уруксат кагаздары жок болчу. 4-кичи райондо №49 үйдүн жанындагы соода павильону, 5-кичи райондогу №30 үйдүн жанындагы соода күркөсү алып салынды. Манас кең көчөсүндөгү үч тосмо, Ибраимов көчөсүнүн жээгиндеги курулуш демонтаждалды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 97