• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте мыйзамсыз курулуштар алынууда

11 Баш оона 2021 15:10 Бишкек Govori.TV

Борбор каалада мыйзамсыз курулушка каршы күрөшүү иштери уланып жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган күркѳ, Ауэзов жана Исакеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки күркѳ алынды.

«Кривоносов кѳчѳсүн оңдоого байланыштуу күркѳ жана бастырма шаар тургундарынын ѳз ыктыяры менен алынды. Түгөлбай-Ата жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жол салууга тоскоолдук кылган жеңилдетилген типтеги объект да демонтаждалды»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле «Рухий-Мурас» конушундагы капиталдык фундамент түрттүрүлгөн.

Количество просмотров: 86