• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү уланууда

29 Теке 202118:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштар алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жана Ахунбаев менен Тагай-Бий көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган 3 контейнер алынды.

«Тагай-Бий жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишиндеги вагон да муниципалдык жерден демонтаждалды. Раззаков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде гезит сатуучу дүкөн, ал эми Абдрахманов көчөсүндө №135 үйдүн жанында «Максат» турфирмасынын жарнама тактасы алынып салынды»,-деп айтылат маалыматта.

Түшүндүрүү иштеринен кийин Коперник менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде 9 темир гараж шаар тургундары тарабынан демонтаждалды.

Количество просмотров: 190