• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды

21 Бирдин айы 2024 16:37 Бишкек Govori.TV

Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан Жаңы-Ноокат айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ноокат райондук сотунун 2011-жылдагы чечими менен Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан эки кабаттуу бала бакчанын имараты жана 0,32 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө М.Т. аттуу жарандын жеке менчик укугу катары таанылып, ага укук күбөлөндүрүүчү документтер берилгендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген апелляциялык сунушту кароонун жыйынтыгы менен райондук соттун жогоруда аталган чечими жокко чыгарылган.

Прокурордук чара көрүү актынын негизинде базар баасы 33 млн 211 миң сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана 0,32 га жер тилкеси Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кайтарылып, баланска коюлду.

Прокуратура органдары тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объекттерин жер тилкелери менен мамлекеттик жана муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча иш аракеттер улантылууда.

Количество просмотров: 97