• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мыйзамсыз ташылып бара жаткан жүк кармалды

4 Аяк оона 2020 13:22 Бишкек Govori.TV

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Ош областында “Н.Ж.Н.”, аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “DAF XF 430” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотуп текшеришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 4000 кг, (түстүү металдын калдыктары) жез табылган. Кармалган товардын баасы 800 000 сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле, Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан “А.С.” кең чыгуучу жерде “Ч.Т.” ЖЧКнын жоопту сактоосунда турган «ZWY-80» моделдеги кең жүктөөчүнү жеке жакка өткөрүп берүү фактысы боюнча бажылык укук бузуу аныкталган.

Кармалган товардын орто рыноктук баасы 1 067 137, 50 сомду түздү.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин АМСтын МЭЖКда катталды жана материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүп берүү үчүн Ош областтык прокуратурасына берилди.

Количество просмотров: 67