• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Дача Суу комиссиясы: Атамбаев маалыматтык согушта утулуп калган

5 Бештин айы 2022 12:17 Бишкек Govori.TV

Дача СУ кырсыгынын себептерин жана шарттарын изилдеген коомдук комиссиянын корутундусу менен 1-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары таанышып чыкты. Депутаттарга комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов маалымат берип, Boeing-747 учагынын кыйрашына экипаждын көзөмөлүнүн жоктугу себеп болгонун, андагы жүктүн аткезчиликке тиешеси жок деген бүтүм чыкканын айтты.

Ал эми депутат Дастан Бекешев Шыкмаматовдун буга чейинки берген маалыматын айтып, Атамбаев ошол кезде жүк боюнча маалыматтык согуштан утулуп калганбы деген суроо салды.

Комиссиянын төрагасы жооп берип, президенттик аппарат да, Атамбаев да атын тазалоого эч кандай аракет кылбаганын белгиледи.

Количество просмотров: 711