• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 9464 килограмм жүзүм табылды

3 Бештин айы 2019 9:33 Бишкек Govori.TV

Жалпы наркы 664 580 сомду түзгөн мыйзамсыз ташылып келе жаткан товар кармалды. Бул тууралуу бажы кызматынын маалымат катчылыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош областында Н.Ы.Ж. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

«Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 9464 килограмм жүзүм табылган.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган товардын жалпы наркы 664 580 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 178