Бүгүн, 13-февралда ЖК депутаты Эрнис Айдаралиев Оштогу мектеп окуучусунун өлумү тууралуу билдирүү жасап, мындай жаман окуяларды болтурбоо үчүн алдын алуу иш-чараларын аткаруу керектигин айтты.
«Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылындагы №39 мектепте 9-кластын окуучусунун өмүрү кыйылды. Анда окуучу дааратканада 4 окуучу тарабынан рекетчиликке кабылган, анын ички органына катуу сокку болуп, дем жетпей бала үзүлгөн. Ал 1,5 сааттан ашык дааратканада жаткан. Жетекчилер, мугалимдер муну жашырып жатышыптыр…», — деди депутат.