• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн прокурордун аңчылыкка бирге чыккан адамдар менен акыркы сүрөтү

19 Жетинин айы 2018 18:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.11.2018. Govori.TV
Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов (ак бут кийимчен) менен окуя болгон күнү аңчылыкка бирге чыккан кесиптештеринин сүрөтү социалдык түйүндөргө жарыяланды. Бул анын тирүү кезиндеги акыркы сүрөтү болушу мүмкүн.
Маркумдун денеси 18-ноябрга караган түнү Төрт-Күл суу сактагычы тараптан табылган.
Буга чейин маркум прокурор кесиптештери менен бирге жайлоого эс алууга чыкканы тууралуу маалымат бар экенин Баткен ОИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова Turmush басылмасына билдирген болчу.
«17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Кароо жүргүзүлгөндө унаанын капталдарында кандын тактары байкалган.
Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү табылган. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголду.
Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалды. Азыркы учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал өзүнүн көрсөтмөлөрүн берип жатат (аңчылыкка бирге чыккан башка адамдар дагы суралып жатат)», — деди ал.
Мындан тышкары аңчылыкка А.Мамажакыпов менен кошо 6 кесиптеши жана Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы чыккандыгы айтылды. Унаанын ичинен 23 даана ок-дары табылган.
«2018-жылдын 17-ноябрында эртең менен булар Рават жайлоосуна эс алганы чыккан деген маалымат бар. Эс алуудан кайтканда саат 18:00 чамасында Баткен шаарындагы «Төрт-Гүл» кафесине кирип, чогуу чай ичишкен. Чайдан чыгып, прокурор менен Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы менен «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаада чогуу кайтышкан. Унаада экөө эле болгон. Жалпы аңчылыкка прокуратуранын 6 кызматкери жана капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп 2 унаа менен чыгышкан», — деди Юсупова.
Анарбай Мамажакыпов ата-энесинин үйүндө — Оштун Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Чак айылында бүгүн, 19-ноябрда акыркы сапарга узатылды. Анын артында 4 баласы калды.

Булак: «Турмуш»

Количество просмотров: 16