• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте Чокморовдун эл көрө элек сүрөттөрү көргөзмөгө коюлат

11 Тогуздун айы 2019 9:27 Бишкек Govori.TV

Бишкекте таланттуу сүрөтчү, атактуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына жана анын өмүрлүк жары Салима Шабазованын элесине арналган «Эсимде» аталышындагы көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмө 15-октябрда башталып, Чокморовдун чыгармачылыгынын сүрөтчүлүк чыйырынан тарта актёрлук чеберчилигин чагылдырган ирмемдер менен таанышууга болот.

Сүрөт өнөрүн сүйүүчүлөр Чокморовдун көргөзмөгө биринчи жолу коюлуп жаткан 80-жылдардын аягында тарткан акварелдик натюрморттору, ооруп жүргөндө жараткан эмгектери менен тааныша алат,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, көргөзмө 10-ноябрга чейин уланат.

Количество просмотров: 56