• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мектеп окуучуларынын мушташы боюнча ата-энелер, мыйзамдуу өкүлдөрү менен териштирүү жүргүзүлөт

17 Тогуздун айы 202421:09 Бишкек Govori.TV

Ленин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 17-октябрь күнү болжолу менен саат төрттөр чамасында Бишкек шаарынын Жаш-Гвардия бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишинде мектеп окуучулары топтошуп мушташып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин МЭЖге катталган. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция бөлүмүнө жашы жете элек 6 өспүрүм жеткирилген. Мындан тышкары окуяга тийиштүү дагы башка катышуучулар аныкталууда. Азыркы учурда алардын ата-энелери да чакырылды. Алардын ар бири менен жана ата-энелери, мыйзамдуу өкүлдөрү менен териштирүү иштери жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 256