• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Мынчалык кайдыгер болбогулачы». Жапаров көлдүн түбүндөгү таштанды боюнча үн катты

2 Бугу 2023 23:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-майда президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасына билдирүү Ысык-көлдүн түбүндөгү таштандыларга байланыштуу билдирүү калтырды.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Мынчалык кайдыгер болбогулачы. Эки айдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тазалап бүтө албай жатышат. Таза болуу өзүбүздөн го акыры. Неге мынча кайдыгербиз? Өзүбүз булгайбыз дагы анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз. Тазалыкты сактоону суранам. «Тазалаган жер таза эмес, тазалыкты сактаган жер таза».

Ар бир жаран тазалыкты сактоого жана башка жарандардан дагы тазалыкты сактоону талап кылууга милдеттүүсүздөр.

Ушул кызматкерлердин эмгегин сыйлагылачы»,-деп жазды Жапаров.

Эске салсак, ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелеринде таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин жүргүзүүдө. 47 күндө көлдүн түбүнөн 3700 кг ар кандай таштанды жана 47 000 метр тор чыгарышкан. Учурда Ысык-Көлдүн 50 530 гектардан ашык аянты тазаланды. Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан арылтуу иш-чарасы 12-марттан бери масштабдуу түрдө жүрүүдө.

Количество просмотров: 37