“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында жетинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан алдыңкы жаш лидер айымдар келген.
Алардын катарындагы 22 жаштагы Айзирек Мырзабекова Бишкек шаарынан катышты.
«Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юридика факультетин аяктадым. Ошондой эле гендердик теңчилик, санариптик билимди жогорулатуу боюнча долбоорлордо иш алып бардым. Лидерлик сапатты жогорулаткым келет. Жеке ишкерлик менен алектенип, коомчулукка пайда алып келчү долбоорлордун үстүндө иштесем дейм»,-деди ал.