• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Мырзакул Мамбеталиев дүйнөдөн кайтты

17 Аяк оона 202212:19 Бишкек Govori.TV

Улуттук телерадиоберүүлөр корпорациясынын Котормо студиясынын продюсери Мырзакул Мамбеталиев 63 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Белгилүү тележурналист Мырзакул Мамбеталиев 1959-жылы 20-февралда Чүй облусунун Кош-Коргон айылында төрөлгөн.

1981-жылдан бери өлкөнүн башкы каналында алгач катардагы кабарчы болуп, кийин «Ала-Тоо» студиясында, андан кийин социалдык-экономикалык студиясында продюсер болуп иштеген.

Улуттук каналдын вице-президенти кызматын аркалап турган.

Өмүрүнүн аягына чейин Котормо студиясын жетектеген.

Количество просмотров: 2604