• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Н.Тюлеев: Мен Атамбаев акчасын кайда катканын билем…

17 Бештин айы 2018 14:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.12.2018.Govori.TV

“Мен Кыргызстандын  сырткы карызы боюнча муну  айткым келет, кечээ Жогорку Кеңеш президенттин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзамды биринчи окууда кабыл албадыбы, ошол замат Атамбаевдин айланасы бул жердеги байлыгын чыгарып кетүү боюнча иштей баштады”, — деп билдирди кечээ, 15-декабрда Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Тюлеев “5-каналдын” журналисти Нарын Айыптын суроосуна жооп берип жатып.

“Мен билем, Атамбаевдин өзүнүн үйүндө, тууган-туушкандарында бир топ акча бар, накталай, Кыргызстандан чыгара албай калган, Казанга чыгара албай калган, Гоага чыгара албай калган акчалары жатат. Буларда азыр, ушул кезде укук коргоо органдары, Атамбаевдин туугандарын, бөлөлөрүн, күйөө балдарын, өкүл балдарын, бүт баарын азыр тыңшоого алыш керек да, караш керек. Буларды бүгүн барып тинтүү жүргүзсө, жок дегенде 1 миллиард  доллар чыгат. Ошол менен тышкы карызды жаап койсо болот да. Эгерде ушул күнү, азыр барып обыск кылса чыгарбай туруп, ушул күндөн баштап, бул кишини көзөмөлгө алышыбыз керек, тууган- туушкан, бала-бакыра, өкүл бала баарын көзөмөлгө алыш керек. Акчаны ушул кезде катып жатышат булар. Акча деген көп ал кишиде”,- деди Нариман Тюлеев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Количество просмотров: 3