• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Наманганда 6 айлык баласын 180 долларга сатууга аракет кылган келин кармалды

17 Жетинин айы 2020 11:02 Бишкек Govori.TV

Наманган облусунун Чартак районунда алты айлык баласын 180 долларга сатууга аракет кылган 21 жаштагы келинге кылмыш иши козголду.

Өзбекстан ИИМинин маалымат кызматы кабарлагандай, 23-октябрда ыкчам иликтөө ишинин алкагында Чартак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери алты айлык кызын 51 жаштагы аялга 1,9 миллион сумга сатып жаткан жергиликтүү аялды кармаган.

Маалыматка караганда, кыздын никеси болгон эмес.

Бул фактынын алкагында “Киши сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Акыркы бир нече айда Өзбекстанда буга окшогон бир нече учур катталды.

9-ноябрда сырдарыялык келин жарык дүйнөгө келгенине 4 күн болгон ымыркайын 20 миң долларга сатууну көздөгөнү аныкталган.

15-октябрда сурхандарыялык жаран эки жашар уулун 5000 долларга сатууга аракет кылып жаткан маалда кармалган.

1-сентябрда Ферганада бир жаштагы уулун 1500 миң долларга сатууну көздөгөн 24 жаштагы келин колго түшкөн.

Июлдун аягында Ташкентте үч айлык баласын 5000 долларга сатууга аракет жасаган 21 жаштагы келин кармалган.

Количество просмотров: 84