Интернетке тараган видео коомчулуктун төбө чачын тик тургузду. Байкоочу видеокамерага муздан тайгаланып, жерде жаткан кичинекей баланы чоң киши ичке катуу тепкени жазылып калган.
Бүгүн тасмага тартылган адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга камака алынды. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын баштады. Наристеге катаал мамиле кылынгандыгын аныктоо үчүн соттук-психиатриалык экспертиза дайындалгандыгы белгилүү болду.
Укук коргоо органдары тараткан маалыматка ылайык өз атасынан тепки жеген наристе болгону эки жарым жашта болгон. Бул үй-бүлө Бишкектин Улан 2 кичи районунда жашаары белгилүү болду. Кошуналары мурда бул кишинин балдарын уруп-согуп жаткандыктарын байкабагындыгын айтышууда.