• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Наристени тепкен адам Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын орун басары болуп чыкты

4 Бештин айы 20179:33 Бишкек Govori.TV

Бул маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев тастыктады. Ал мындан мурда видеодогу адамды тааныбай жатканын айткан.

“ Мен видеодогу адамды тааныган жокмун. Эгер ал Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген адам болсо, анда катуу чара көрөбүз. Себеби мамлекеттик кызматкердин мындай кадамга барганы чектен ашкандык”,-деди Дастан Догоев.

Эскерте кетсек мурдагы күнү интернетке байкоочу камеранын тасмасы жарыяланган. Ал жерде атасы музга тайгаланып жыгылыган кичинекей наристени ичке тепкени тартылып калган. Коомчулук бул видеодогу адамды таап, жазалоо талабын койгондон кийин, Улан 2 кичирайонунун тургуну кармалды. Тепки жеген өзүнүн  эки жарым жаштагы баласы болуп чыкты. «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тасмадагы адам 48 саатка камака алынган.

Количество просмотров: 41