Атасынан тепки жеген эки жарым жаштагы наристенин апасы милицияга арыз жазуудан баш тартып, күйөөсүн коё берүуну өтүнүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.
“Наристенин апасы кырк жашта экен. Ал бизден жубайын катуу жазалабай эле койгулачы деп суранып жатат. Бүгүн Октябрь райондук соту уулун ичке тепкен атасынын баш коргоо чарасын карайт. Камакта калтырабы же үй камагына чыгарабы белгисиз”-деген Бишкек ШИИБси.
Бирок түшкө жуук наристенин апасы күйөөсү Бариер Адиевди ата-энелик укуктан ажыратыш керектигин айтып чыкты.
«Окуя тууралуу социалдык түйүндөн билдим. Биздин үй-бүлөдө жалгыз эле Эльхан деген ушул уулубуз бар. Эмнеге жолдошум аны ордунан тургузуп койбой ичке тепкенин түшунбөй калдым. Анткени ал мурда уулубузду уруп-сокконун көргөн эмесин деди»,-баланын апасы.
Эскерте кетсек мурдагы күнү интернетке байкоочу камеранын тасмасы жарыяланган. Ал жерде атасы музга тайгаланып жыгылыган кичинекей наристени ичке тепкени тартылып калган. Коомчулук бул видеодогу адамды таап, жазалоо талабын койгондон кийин, Улан 2 кичирайонунун тургуну кармалды. Тепки жеген өзүнүн эки жарым жаштагы баласы болуп чыкты. «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тасмадагы адам 48 саатка камака алынган.