• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Наристенин апасы видео монтаж болушу мүмкүн экенин айтат

4 Бештин айы 2017 12:50 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу атасы ичке катуу тепкен Эльхандын апасы Асель govori.tv агенттигине билдирди.

“Мен уулумду эки жолу медициналык текшерүүдөн өткөрдүм. Ден-соолугуна эч кандай зыян келген эмес. Ошондуктан мен бул окуяга ишенбейм. Атасы уулубузду эч качан урчу эмес деди”,- наристенин апасы Асель Эржанова.  

Эскерте кетсек мурдагы күнү интернетке байкоочу камеранын тасмасы жарыяланган. Ал жерде атасы музга тайгаланып жыгылыган кичинекей наристени ичке тепкени тартылып калган. Коомчулук бул видеодогу адамды таап, жазалоо талабын койгондон кийин, Улан 2 кичирайонунун тургуну кармалды.

Кийинчерээк ал Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Бариер Адиев экени аныкталды. Тепки жеген өзүнүн  эки жарым жаштагы баласы болуп чыкты. «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Бариер Адиев 48 саатка камака алынган. Бүгүн Октябрь райондук соту баш коргоо чарасын карайт.

Количество просмотров: 19