• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Наркоздон кийин көз жумган вайнердин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

6 Жалган куран 2023 16:38 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 26 жаштагы белгилүү вайнер Фарход Манноповдун өлүмү боюнча “Кесиптик милдетин так аткарбоо” беренеси менен кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Вайнердин өлүмү соцтармактардын өзбек контентинде кызуу талкууланууда.

​5-мартта Маннопов мурдуна операция жасаткан. Операцияга 20 мүнөт калганда ал соцтармактарга видео жарыялап, бассейнде сүзүп жүргөндө мурдунан жараат алганын, дарылоо үчүн дарыгерлерге кайрылганын билдирген. Маалыматка караганда, вайнер анестезия ашыра колдонулгандан улам көз жумган.

​5-мартта Өзбекстандын Башкы прокуратурасы дарыгердердин иши иликтенип жатканын кабарлаган.

Количество просмотров: 14866