«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова Москва шаарынан кармалды. Бул тууралуу «Клооп» басылмасы Нарматованын жакындарына таанып жазды.
Бул боюнча ИИМ жана тиешелүү органдар азырынча маалымат бере элек.
Нарматованын Фейсбук баракчасына бир саат мурда пост жарыяланды. Анда ал үчүн эң баарынан чындык бийик турары, ага бир гана мамлекеттин жаркын келечеги керектиги жазылган.
Орозайым Нарматова Кемпир-Абад суу сактагычын берүүгө каршы пикирин билдирип, социалдык тармактарда бийликтин жапырт камоолорун сындап келген. Ал 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абадды коргоо комитетине кирген.