19-сентябрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети “чет элдик өкүл” түшүнүгүн киргизүүнү караган тескөөчүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун карайт. Маселе күн тартибине киргизилди.
Буга чейин Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирген. Өкмөт мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок аны иштеп чыгуу зарыл экенин маалымдаган.
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган.
Бирок алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартышкан.
“Адилет” укуктук клиникасы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.