• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нарын дарыясына чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү Өзбекстандан табылды

29 Кулжа 2020 11:52 Бишкек Govori.TV

Нарын дарыясына чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 14-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында Нарын дарыясына 17 жаштагы бала түшүп кеткен.

Маалыматка ылайык, баланын сөөгүн издөө иштери 24-июнга чейин жүргүзүлгөн, бирок жыйынтык берген эмес.

28-июнь күнү Өзбекстан Республикасынын аймагынан жергиликтүү тургундар тарабынан белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылып, жогорудагы сууга аккан адам экендиги аныкталган. Коңшу өлкөнүн чек арачылары маркумдун туугандарына сөөктү өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 315