• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Нарын дарыясына экскаватор менен түшүп кеткен адам изделүүдө

3 Теке 2023 13:29 Бишкек Govori.TV

Экскаватор менен Нарын дарыясына түшүп кеткен адам изделүүдө. Буул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-июнда саат 15:22 чамасында Куланак айылындагы Куланак насостук станциясынын башкы курулмасындагы суу бөлүштүргүчтө иш жүрүгүзүпп жаткан 68 жаштагы Ө. Ү. аттуу айдоочу экскаватору менен Нарын дарыясына кулап кеткен.

Жерине 5 куткаруучу, 3 милиция кызматкери, суу чарба башкармалыгынан 12 кызматкер, 1 жүктөгүч, 1 КамАЗ, 1 экскаватор тартылган. Түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери токтотулуп, бүгүн кайрадан таң эрте иш жанданды.

Учурда жеринде ӨКМден 19 куткаруучу, суу чарба башкармалыгынан 25, ички иштер башкармалыгынан 5 кызматкер жана жалпы 10 инженердик техника иш алып барууда. Издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 92