• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Нарын дарыясына экскаватору менен түшүп кеткен жарандын сөөгү табылды

4 Теке 2023 10:47 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын дарыясына экскаватору менен түшүп кеткен жарандын сөөгү табылганын 4-июлда билдирди.

Мекеменин билдиришинче, издөө иштеринин натыйжасында Нарын шаарынын тургуну, 68 жаштагы Ө.Ү. аттуу экскаваторчунун сөөгүн таап, куткаруучулар суудан чыгарып ИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Белгилей кетсек, Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылында суу курулмасына коркунуч жаратып жаткан Нарын дарыясынын жээгин бекемдөө учурунда экскаватору менен түшүп кеткен.

Количество просмотров: 133