• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

Нарын дарыясына түшүп кеткен баланы издөө иштери уланууда

30 Чын куран 202411:45 Бишкек Govori.TV

Таш-Көмүр шаарында Нарын дарыясына түшүп кеткен баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, издөө иштерине №57 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 7 куткаруучу, шаардык ички иштер бөлүмүнөн 2, жергиликтүүлөрдөн 20 тартылып, 3 кайык менен изделип жатат.

Эскерте кетсек, 23-апрель күн саат болжол менен 18:50 чамасында Таш-Көмүр шаарына караштуу Акшар айылынан өткөн Нарын дарыясына 2018-жылы туулган Н.Н. аттуу жаш бала түшүп кеткендиги боюнча маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам топ тартылып, издөө иштеринен натыйжа болгон эмес.

Количество просмотров: 117