Нарын облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, жер титирөө бүгүн саат 08:26да Нарын облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 2,5 баллга жеткен.
«Жер титирөө Ак-Талаа районунун Ак-Чий, Жаңы-Тилек жана Кара-Бүргөн айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок»,-деп айтылат маалыматта.