• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Нарын шаарына жаңы мэр дайындалды

16 Бирдин айы 202217:25 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Тутуев Канболот Мусаевич Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жазылат.

Эске салсак, 1-февралда Нарын шаарынын мэри Курбанов Жаныш Абдухалилович өзүнүн берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 305