Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Нарын шаарынын кире беришиндеги арка калыбына келтирилет.
Буга чейин Нарын шаарынын кире беришине салынган арканын айрым жерлери бузулуп калгандыгы жарыяланган.
«Бул ишти Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев көзөмөлгө алуу менен арканы тургузууга демөөрчүлүк кылган Кылыч Исамамбетов менен байланышып, арканын бузулган жерлерин кайра калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүп, макулдашышты», — деп айтылат билдирүүдө.