Бишкек. Govori.TV 20.05.2019-жыл
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев Батукаевдин иши боюнча Турсунбек Акундун айткандардын четке кагат жана бул ишке эч кандай тиешеси жок. Бул туурасында, Нарымбаевдин жактоочусу Таалайгул Токтакунова Govori.TV агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Данияр Нарымбаев ички иштер министрлигинин тергөө кызматында болгону чын. Укук коргоочу Турсунбек Акун менен бетме-бет жолуккан. Бирок анын айткандарынын баары чындыкка дал келбейт.
Данияр Нарымбаев да тергөөнү кызыкчылыгы үчүн, ал жерде айтылган создөрдү коомчулукка жарыялабоо кагазына кол койгон.