• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Нарында 19-августтан тарта электробустар каттамга чыгат

15 Баш оона 202413:25 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарында 19-августтан тарта электробустар каттамга чыгат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-августта Нарын шаарында айдоочуларга унаалардын ачкычтары тапшырылды.

Белгиленгендей, электробустарды каттамга чыгаруу үчүн буга чейин тийиштүү аракеттер көрүлүп, токтотуучу жайы даярдалып, айдоочулар окутулган.

Эскерте кетсек, Нарын шаарына 66 млн сомго, 7 жылга насыяга 5 электробус сатып алынган. Электробустар 37 орундуу, 10,5 метр узундукта.

Количество просмотров: 98