Нарын шаарынын Шералиев көчөсүнүн 53 жаштагы С.В. аттуу тургунун издөөнү Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 куткаруучусу улантышууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда куткаруучулар шаарды аралай аккан Нарын дарыясынын жээктеринен, аралдардан карап жатышат.
«Шаар тургуну 11-ноябрь күнү болжол менен саат 15:00дө үйүнөн чыгып кеткен бойдон, кайтып келбегендиги тууралуу маалыматты туугандары билдиришкен. Мындан улам кечээ, 13-ноябрда жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Нарын райондук ӨКБдан 20 куткаруучу, жергилктүү тургундардан 2 адам тартылган», — деп айтылат маалыматта.
Издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.