Нарында 56 жаштагы киши 24-февралда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, Жумгал районунун Байзак айылынын 56 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.
«28-февралда жоголгон жарандын туугандары Жумгал суусунан издеп берүү өтүнүчү менен куткаруучуларга кайрылган. 1-мартта издөө иштерин жүргүзүү үчүн 6 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 35 киши жана 4 милиция кызматкери тартылды», — деп айтылат маалыматта.