Нарында милиция кызматкеринин өлүмүнүн чоо-жайы териштирилип, кызматтык иликтөө жана тергөө жүрүүдө. Бул тууралуу Нарын ООИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 18-январь күнү Нарын шаарында болгон. 36 жаштагы милициянын капитанынын сөөгү үйүндө жипке асынган абалда табылган.
«Милиция бул окуяны суицид деп атоодо. Маркумдун денесинде күч колдонуу белгилери аныкталбаганы маалымдалды. Ата-энеси жана жакын туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартып, эч кимге доосу жок экенин билдиришти»,-деп айтылат маалыматта.
Каза болгон адам жергиликтүү милицияда 2012-жылдан бери кызмат өтөп келгени, кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасында бөлүм командири болуп иштеп жатканы, артында үч баласы калган.