• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Нарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

17 Бирдин айы 2023 12:26 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунда 5 тилкесинде болжолдуу 10000 м3 кар көчкү түшүп жол жабылгандыгына жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу 2023-жылдын 17-февралынан тартып, Нарын облусунун аймагына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругунун негизинде Өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда жеринде тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында Нарын шаардык №16 ӨКБдан 5 куткаруучу, ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочуу мамлекеттик борборунун 1 унаасы, №41 ЖТИден 1 грейдер, 2 жүктөгүч, 2 самосвал, Суу чарба ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.

Мындан сырткары жогору аталган унаа жолдун 265 жана 314 чакырымында КР ИИМдин ЖКККБ тарабынан нөөмөт уюштурулган.

Алдын ала маалымат боюнча жабыргандап жок.

Количество просмотров: 87