• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Нарында жол кире акысы көтөрүлөт

25 Үчтүн айы 2023 11:10 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарында коомдук маршруттук унаалардын жол кире акысы 10 сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясы билдирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин окуучулар 5 сомдон түшүп келишкен. Эми жаңы долбоорго ылайык чоңдор жана балдар үчүн төлөм бирдей суммада, башкача айтканда, 10 сом болот.

Ошондой эле таштанды төлөмдөрүнүн да баасы жогорулап, 12 сомдон 20 сомго көтөрүлөт. Бул боюнча 2022-жыл ичинде Нарын шаарынын беш аймагында коомдук талкуулар өткөрүлүп, жыйынтыгында таштанды жана жол киренин баасын көтөрүү боюнча чечим Нарын шаардык кеңешине сунушталган.

Таштанды тарифин көтөрүүнүн максаты — таштанды чыгаруу чыгымын толтуруу жана кызматкерлердин маянасын көтөрүү. Ал эми жол киренин тарифи күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташынан улам коомдук маршруттук автоунаалардын жолго кеткен чыгымын актоо менен маршруттук унааларды көбөйтүү үчүн жогорулоодо.

Количество просмотров: 58