Социалдык тармактарда Нарын шаарында эмдөөдөн кийин каза болду деген үч жарым жашар баланын ата-энесинин жана жакындарынын бала эмдөө алган соң чарчап калды. Ал үй бүлөдө жалгыз уул болгон деп ыйлаган видео кайрылуусу таркап жатат. Бул видео боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги комментарий берип, иликтөө иштерин башталганын, бул иш КРнын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин көзөмөлүнө алынганын билдиришти.