• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарында дагы кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилер бузулууда

8 Баш оона 202513:02 Бишкек Govori.TV

Нарында кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштар бузулууда. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин Нарын облусу боюнча жер жана суу көзөмөлү кызматынын аймактык башкармалыгы Нарын шаарынын мэриясы жана муниципалдык менчикти башкаруу жана калкты тейлөө боюнча муниципалдык ишканасы менен биргеликте С. Орозбек көчөсү боюнча кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилерге текшерүү жүргүздү.

Мыйзам талаптарын бузган объекттердин ээлерине бузууларды четтетүү жана жер тилкелерин он күндүн ичинде калыбына келтирүү боюнча жазуу жүзүндө эскертүүлөр берилген. Эскертүүлөрдү аткарбаган жарандарга карата чаралар көрүлдү — алардын дубалдары алынды.

Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин айрым тургундар мыйзам нормаларын сактоо менен өз алдынча курулуштарын бузушту.

Количество просмотров: 199