• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

Нарын шаарында төрөт үйү курулууда

11 Кулжа 202612:40 Бишкек Govori.TV

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, Нарын шаарында 100 койкалуу төрөт үйү курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин курулушу 2025-жылдын декабрь айында башталган.

Башкы планга ылайык, жалпы аянты 3129 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имарат салынат. Анда заманбап талаптарга жооп берген палаталар керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалып, ашкана, дарыгердин кабинети жана стерилдөө бөлмөлөрү жайгаштырылат.

Курулуш-монтаждоо иштерин башкы подрядчы «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 21