• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек–Нарын-Торугарт унаа жолу убактылуу жабылат

29 Чын куран 20269:24 Бишкек Govori.TV

 29-апрелден 5-майга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу убактылуу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бул күндөрү жолдун 54-чакырымындагы жөө өтмөктү демонтаждоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу саат 09:00дөн 16:00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат. 

Унаа жолу жабылган учурда айланма жол уюштурулат. 

Министрлик айдоочуларга алдын ала маршрутту пландап алууну эскертет.

Количество просмотров: 145