• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Нарында капиталдык курулуштун кызматкерлери мамлекетке 21 млн зыян келтирген

9 Кулжа 2022 13:14 Бишкек Govori.TV

Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мамлекетке ири өлчөмдө 21 млн. сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылына бала бакча курууда жана Кара-Булуң айылынын таза-суу системасынын реабилитациялоо менен курулуш иштерин жүргүзүүдө өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан.

«Иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алдын ала которушуп, жумуштун жүрүшүнө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүшбөгөндүктөн, мамлекетке жалпысынан 21 млн. 801 тыс. 901 сомдук зыян келтирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган фактылар боюнча облустук прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен 2 кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 433