• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

16 күндөн бери изделип жаткан карыянын жансыз денеси табылды

15 Теке 202217:05 Бишкек Govori.TV

Нарында 16 күндөн бери изделип жаткан карыянын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 29-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан Нарын шаарынын 80 жаштагы Т.Ж., аттуу тургунунун сөөгүн бүгүн, 15-июлда Нарын дарыясынын жээгинен туугандары табышкан. Жерине 5 куткаруучу тартылып, адамдын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен.

Эске салсак, 80 жаштагы карыя үйүнөн кечинде чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Аны издөө учурунда кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган.

Количество просмотров: 7621